"Талма тукум кууйт. Ата-энесинин генетикасында бар болсо ал балага да өтүшү ыктымал. Бирок анын козгогучтары болуп сырткы факторлор эсептелет. Мисалы, наристе ооруп дене табы көтөрүлгөн учурда денеси тырышып, калчылдап, кийин талма козголушу мүмкүн. Бул көп кездешкен учурларга кирет. Экинчи себеби — түрдүү гаджеттерди адаттан сырт көп колдонуу. Учурда балдар телевизорду сааттап көрүп, телефон, планшет, компьютерлерди колдонушат. Изилдөөлөргө таянсак балдар гаджет колдонуп отурганда мээнин клеткалары өспөй токтоп калат. Андан бөлүнгөн түстөр да көз аркылуу мээге терс таасирин тийгизет. Бул көрүнүш көп убакытка созулуп, улам кайталанып турса баладагы эпилепсияны козгойт. Андыктан 40 мүнөттөн ашык отургузбай, эс алып, таза абада ойноп келишин көзөмөлдөш керек. Ошондой эле баланын уйку ритми бузулган учур көп кайталанса же адатка айланса да генетикасында талмасы бар балдарда илдет козголушу мүмкүн. Андыктан балдарды саат 22:30, 23:00дөн кечиктирбей уктатып, эртең менен эрте тургузуп көндүрүү керек, уйку режимин сактаганга үйрөтүү зарыл. Ошондой эле жаракат, стресс, үйдөгү зомбулук да талманы чакырышы ыктымал", — деди Бабажанов.