Өлкөнү дары-дармек менен толук камсыз кылган завод ачылат. Учурда израилдик фармацевтикалык компания Кыргызстанга инвестиция салып, эл аралык стандарттарга жооп берген ишкана куруу боюнча макулдугун берип, сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө дары чыгарган завод курулса Пакистан, Бангладеш, Россия өңдүү өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгү ачылат.
"Пандемия учурунда тиешелүү дары каражаттарынын жетишпестиги баарыбызды кыйынчылыкка кептеди. Мындай абал эми болбойт деген кепилдик жок. Бул көйгөйдү чечүү үчүн президент, өкмөт башчы да тапшырма берген. Эгерде завод курулса дарыга болгон баа төмөндөп, жарандарга ыңгайлуулук жаралмак. Ага байланыштуу өлкөнү дары-дармек менен толук камсыз кылган завод ачылат. Учурда израилдик фармацевтикалык компания Кыргызстанга инвестиция салып, эл аралык стандарттарга жооп берген ишкана куруу боюнча макулдугун берип, сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындан тышкары, Пакистан, Бангладеш, Россия өңдүү өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгү ачылат. Долбоордун жалпы баасы 150 миллион доллар деп белгиленип жатат", — деди Сагынбаев.
Ошондой эле адис дары-дармек чыгарган заводдун инвестициялык келишими даярдалып, апрель айынын аягында кол коюу күтүлүп жатканын кошумчалады.