БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы эң ири массалык иш-чара "Өлбөс полк" жүрүшү экенин Афган согушунун ардагерлери коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев билдирди.
Афган согушунун ардагерлери коомдук кыймылынын башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
© Sputnik / Жантай Макенов
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда болгон "Быйыл Кыргызстанда Өлбөс полк" кандай өтөт?" аттуу брифингге катышкан.
Генерал-полковник окуучулар менен жолуккандан кийин аскердик-патриоттук иш жетиштүү жүргүзүлбөй жатканына көзү жеткенин билдирди. Анын айтымында, "Өлбөс полк" акциясы — өсүп келе жаткан муунду мекенин сүйүүгө тарбиялоо үчүн эң эффективдүү иш-чара. Ал мектеп программасында Улуу Ата мекендик согуштун тарыхы жөнүндө программа боюнча сабактар өтө аз экенине өкүнөрүн билдирди.
"Кыргызстанда эң ири жана массалык иш-чара — бул "Өлбөс полк" жүрүшү. Жыл сайын катышуучулардын саны өсүп жатат. Өзүмдүн неберелерим дагы кызыгып суроолорду бере баштады", — деди ал.
Ал кыргызстандыктардын көбүнүн жүрүшкө катышуу үчүн Бишкекке келүү мүмкүнчүлүгү жок экенин белгиледи.
"Бирок ар бир айылда "Өлбөс полк" жүрүшүн уюштурса болот. Аталардын портреттерин алып негизги көчөдөгү паркка, мектепке чогулуп, анча чоң эмес митинг өткөрүүгө болот. Аталар менен катарга тизилип туруу адамга дух берет", — деди Чотбаев.
Эске салсак, Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрүүгө даярдык башталды. Акция жыл сайын Жеңиш күнүндө уюштурулат. Жүрүш 9-май күнү саат 10:00дө Түштүк дарбазадан башталып "Жеңиш" аянтына чейин барат.