БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы № 51, 63, 67, 90 жана башка бир катар мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнүн Бишкек ШИИБ билдирди.
Жардыруучу түзүлүш тууралуу билдирүүлөр мектептердин электрондук почтасына келген. ЖМКлар мындай маалымат КРСУнун юридика факультетине да келгенин жазышты.
Бардык жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат, аймактар курчоого алынып, эл эвакуацияланды.
Эскерте кетсек, ушундай эле билдирүүлөр январда, мартта да түшкөн. Кийин баары жалган маалымат болуп чыккан.