Казакстанга чыгарылмак. Бишкекте 22 жаштагы улан баңгизат менен кармалды. Сүрөт

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкекте бир килограммдан ашуун "мефедрон" психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Бишкекте бир килограммдан ашуун "мефедрон" психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды

2 / 3

Министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте жарым жыл операция жүргүзгөн

3 / 3

Натыйжада баңгизатты коңшу өлкөгө сатууга бөгөт коюлганы белгиленди.

Министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте жарым жыл операция жүргүзгөн. Натыйжада баңгизатты коңшу өлкөгө сатууга бөгөт коюлганы белгиленди.
"Бишкек шаарында 22 жаштагы А.Р. аттуу жаран жарым литрлик төрт желим бөтөлкөгө салынган "мефедрон" психотроптук затын жашырылган жерден алып жатканда кармалды. Баңгизаттын салмагы 1 килограмм 194 грамм. Шектүү кара түстөгү BMW унаасына жашынууга аракет кылган. Кылмыштуу ниетин ишке ашырганда болжол менен 6 миллион 567 миң сом киреше тапмак", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү же сатуу") боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Бишкектин №1 тергөө абагына киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Бишкекте баңгизат саткан интернет-дүкөндүн башчысы кармалды. Видео