БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Баланын чектен чыккан эркелиги — күч жумшабастан, оңой жол менен бир нерсеге жетүү гана эмес, манипуляция да болушу мүмкүн. Бул тууралуу психолог Наталья Дербенева "Известия" басылмасына берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, каалаган нерсесин эркеликке салып ыйлап, ызы-чуу менен алууга көнгөн бала келечекте адамдар менен мамиле түзүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Турмушта пландары ишке ашпай калса чөгүп, мотивациясын жоготкон да учурлар болушу мүмкүн.
Дербенева бала чоңойгон сайын анын эркелиги менен өсүүдөн артта калуусун айырмалоо кыйынга турарын кошумчалаган.
"Кээде ата-эне баланын эркелиги деген ой менен анын өсүүдөн артта калып жатканын байкабай калышы ыктымал", — деген психолог.
Адис баланы башынан эле өз алдынча болууга үйрөтүү керектигин кошумчалаган.