Ата-эне менен баланын мамилесин суута турган жагдайлар. Тизме

Психологдун айтымында, бала мектеп тууралуу сүйлөшкүсү келбесе, кысымга албаш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бала менен ишенимдүү жана жакын мамиледе болуунун бирден-бир жолу — аны уга билүү жана колдоо көрсөтүү. Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде психолог Юлия Ватутина айтты.
Ошондой эле адис бала менен мектептен же ар кандай ийримдерден кийин жолукканда кандай сөздөрдөн оолак болуу керектигин тизмектеп берди.

Жарга такаган суроо бербеңиз

Өзгөчө мектептен келген баланы "окууда эмне жаңылык болду?", "кандай баа алдың?", "үй тапшырма бердиби?" деген сыяктуу суроолор тажатат. Айрым учурда өспүрүм мындай суроолорду кулак сыртынан өткөрүп жибериши мүмкүн. Андан көрө "кандай жаңы нерсе үйрөндүң?", "кандай кызыктуу нерселерге күбө болдуң?" деген суроого өтө кызыктуу жооп алса болот.

Көңүл буруу

Сөзүн бөлбөй, кунт коюп угуңуз. Ишенип коюңуз, бала үчүн бул өтө маанилүү.

Кыйнабаңыз

Бала мектеп тууралуу сүйлөшкүсү келбесе, кысымга албаңыз. Өзү даяр болгондо айтып берет.

Колдоо

Бала өзүнө жаккан музыка, оюн же адам тууралуу айтып жатканда кошумча суроо берип, анын кызыкчылыгы сиз үчүн маанилүү экенин көрсөтүңүз. Баланын сизге ишеними артат.

Катуу сындабаңыз

Бала ката кетирип алган учурда аны кечке жемелебеңиз. Бала эмес, чоң киши дагы жаңылат. Улам-улам сын угуп чоңойгон адамдын өзүнө болгон ишеними жоголот.
Бала кезден калган психологиялык жараатты кантип айыктырса болот? Жооп