БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №1 интернат-гимназиясында болгон окуяга көңүлүн бурду. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Эске салсак, кечээ күнү аталган интернат-гимназиясынын окуучулары эртең менен сабак окугандын ордуна кире беришке тизилип, жаңы дайындалган директордун иштешине каршылыгын билдиришкен. Алар "Келбесин!" деп кыйкырып, түрдүү плакаттарды көтөрүп митингге чыгышкан.
Жапаров жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагын реформалоо, анын ичинде мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн негизги багыттарын талкуулады.
"Өкмөт башчы борбор калаадагы №1 интернат-гимназиясында болуп өткөн окуяларды катуу сынга алып, мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбестигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.