Дүйнөдө 41 млн. адам көз жумууда. Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулар изилденет

Өлкөдө мезгилсиз өлүмдү чакырган жугуштуу эмес оорулардын төрт тобу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук STEPS изилдөөсүн өткөрөт. Бул туурасында Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, жугуштуу эмес оорулар дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө саламаттык сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат.
"Жыл сайын мындан 41 миллион адам көз жумат, анын 15 миллиону 30дан 69 жашка чейинкилер. Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардын төрт тобу: жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулар, дем алуу органдарынын оорулары, кант диабети майыптуулуктун негизги себеби болуп саналат. Ошондой эле жаш куракта кыйылган өмүрлөрдүн 80 пайызын түзөт. Ушундай эле тенденция бүткүл дүйнөдө байкалууда", — деп айтылат маалыматта.
Мындай оорулардын пайда болушуна тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, көп кыймылдабагандык, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча колдонуу таасир этет.
STEPS изилдөөсү программалык иш-чараларды пландаштыруу жана жугуштуу эмес ооруларды азайтуу, тобокелдик факторлорунун таралышын жана тенденцияларынын мониторингин изилдөөгө багытталган. Ага 18ден 69 жашка чейин 2 800 адам катышат.
Изилдөө үч этаптан турат:
жугуштуу эмес оорулар менен байланышкан жүрүм-турумдук тобокелдик факторлорун баалоо үчүн катышуучуларды сурамжылоо;
антропометриялык өлчөөлөрдү, жүрөк-кан тамыр системасынын көрсөткүчтөрүн өлчөө;
кандын биохимиялык көрсөткүчтөрүн өлчөө.
Адистер катышуучулар менен маектешип, боюн, салмагын, белин, кан басымын жана жүрөктүн кагышын өлчөп, кандагы глюкозаны жана липиддерди тез текшерүү үчүн үйлөрүнө барышат.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды изилдөөгө катышып, өлкөнүн саламаттыгын сактоого салым кошууга чакырды.
Эмдөө жасалат. Бишкектин конуштарында көчмө мобилдик клиника уюштурулду