А. Жапаров "Газпром" компаниясынын жетекчилеринин бири менен жолукту. Эмне кеп болду

Өкмөттүн башчысы "Газпромго" бир катар социалдык, спорттук объектилерди куруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Газпром" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Газпром" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолукту

2 / 3

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана 2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыздоо талкууланган

3 / 3

Мындан сырткары, газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында өлкөнү газ менен камсыздаган системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар сүйлөшүлгөн

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана 2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыздоо талкууланган. Мындан сырткары, газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында өлкөнү газ менен камсыздаган системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар сүйлөшүлгөн.
"Жапаров "Газпром" тарабынан өлкөдө спортту өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагын колдоого көңүл бурулуп жатканын жогору баалап, бир катар социалдык, спорттук объектилерди куруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылган маалыматта.
"Газпром Кыргызстан": конуштарга газ киргизип берсек, 90%ы колдонбой жатат