Капыстан текшерүү. Тынч океан флотунун кемелеринин Япон деңизиндеги видеосу

Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Путиндин чечими менен Тынч океан флотунун күчтөрүнүн даярдыгын капыстан текшерүү иштери жасалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Тынч океан флотунун согуштук кемелери капыстан текшерүү учурунда Япон деңизинде согушка даярдыкты дагы бир ирет көздөн өткөргөн машыгууларды жасашты. Мындан сырткары, деңиздеги жана абадагы бутаны артиллерия менен атып, текшеришти. Бул туурасында РИА Новостинин кабарчысы Владивостоктон маалымдады.
Алар эртең менен эрте кемелер жайгашкан жеринен чыгып, аталган деңиздеги полигонго келишкен. Тактикалык маневрларды жасап, деңизге өтүүдө отряддын кемелеринин бардык коргоосун камсыздашкан. "Адмирал Пантелеев" кемеси менен "Маршал Шапошников" фрегаты атайын жабык полигондо АК-100 жана А-190, андан сырткары АК-630 артиллериялык түзүмдөрдөн абадагы шарттуу душмандардын бутасын аткылаган. Андан соң дагы бир шарттуу каршылаштын суу алдындагы кемеси машаага илинген. Мындан кийинки сценарийлер боюнча согуштук кемелерге коркунуч жараткан ракетаны таап жок кылышкан, суудагы жай жарандарга коркунуч келтирилген минаны залалсыздандыруу иштери кирген.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Владимир Путиндин 14-марттагы чечими менен Тынч океан флотунун күчтөрүнүн даярдыгын капыстан текшерүү иштери жасалууда.
Россия Батыш жана Түштүк округдарынын аскердик даярдыгын текшерүүдө. Себеби