Кабинетке "агылган" акча. Санэпид кызматкерлеринин пара менен кармалган видеосу

Жетекчиси жумуш ордуна жумасына бир жолу чогултулган акчадан өз үлүшүн алып кетүү үчүн гана келип турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берип, пара алып турган деген шек менен төрт кызматкер кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы А.Л.О. туруктуу коррупциялык схема уюштурган. Ал Кыргызстанга товарларды жана продукцияларды ташып келүү үчүн Санэпид корутундуларын мыйзамсыз берип келген.
"А.Л.О. жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып зарыл жол-жоболорду сактабастан жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзбөстөн кыска мөөнөттө бажы брокерлерине санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды берип жүргөнү аныкталды. Ал — продукциянын коопсуздугун тастыктаган эксперттик баалоо жүргүзүлгөн, товарларды ташып келүүгө жана сатууга уруксат берген документ. Мындан тышкары, сертификацияланууга тийиш болгон жүздөгөн товарга корутунду берүү үчүн пара алган ондогон факт катталды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК шектүү А.Л.О. жумуш ордуна жумасына бир жолу чогултулган акчадан өз үлүшүн алып кетүү үчүн гана келип турганын белгиледи.
Натыйжада Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн төрт кызматкери кармалып, Бишкек шаардык №1 тергөө абагына киргизилди. Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. УКМК Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинен да күмөн саноодо.
Бизнесмендердин салыгын 100 млн. сомго чейин азайткан мамкызматкерлер кармалды