Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо эмнеге кечеңдеп жатканын айтты

Өлкө башчы белгилегендей, тараптар маселени 1924-жылкы карта менен чечүүгө токтоло турган болсо, анда чек ара тилкелеринин баарын кайра башынан карап чыгууга туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Тажикстан менен чек ара маселесинде жылыштар бар, бирок өтө жай жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, негизинен чек арада бир айлык эле жумуш калды.
"Эгер кызыкчылыктарды эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок, тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатып эле айрым тилкелерге келгенде бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуштарын киргизе салып жатышат. Ошол үчүн маселе токтоп калып жатат. Чындыгында бул сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек", — деди Жапаров.
Анын айтымында, тараптар 1924-жылкы карта менен чечүүгө токтоло турган болсо, анда чек ара тилкелеринин баарын кайра башынан карап чыгууга туура келет. "Маселени майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз", — деди ал.
Өкмөт Баткенде жабыркаган ишкерлерге берген кредитин кайра кечкени жатат