Путин Кытайдын коргоо министрин кабыл алды. Пекиндин эксперттери эмне дейт

Ли Шанфу биринчи сапарына Россияны атайын тандагандыгын, анысы менен эки тараптуу алаканын стратегиялык жана өзгөчө экенин мүнөздөгүсү келгенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коргонуу министри, генерал-полковник Ли Шанфу менен жолукту. Бул тууралуу РИА Новости мамлекет башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песковго таянып кабарлады.
Путин Кытай министрин көргөнүнө кубангандыгын айткан.
"Сиз Россияга биздин чоң досубуз — Кытайдын төрагасы, жолдош Си Цзиньпиндин сапарынан кийин келдиңиз. Анын сапары өтө майнаптуу болгондугун белгилеп кетмекчибиз. Аскердик ведомстволор жаатындагы маселелерге да токтолдук. Биздин мамлекеттердин арасында мамилелер бардык тармактарда жакшы өнүгүп жатат", — деп белгилеген Россия лидери.
Ли Шанфу да сөз кезеги келгенде бул темага басым коюп, Россия менен Кытайдын алакасы бардык деңгээлде өр алып баратканын айткан. Министр катары тунгуч сапарын Россияга жасап жатканын, анысы менен эки тараптуу алаканын стратегиялык жана өзгөчө экенин мүнөздөгүсү келгенин белгилеген.
Жолугушуу боюнча кытайлык эксперттер пикирлерин билдире баштады. Global Times мамлекеттик басылмасында бул сапардан кийин аскерий тармакта бир топ ири өз ара алмашуулар болору айтылды.
Пекиндин Эл аралык изилдөөлөр университетиндеги Эл аралык мамилелер жана дипломатия институтунун кызматкери Чжо Хуа эки мамлекет тынчтыкка, туруктуулукка салым кошуу үчүн аймактык жана эл аралык негизи маселелер боюнча пикир алышып, позициясын бириктириши зарылдыгын белгилеген.
Аскерий эксперт жана телекомментатор Сун Чжунпин министр Ли Шанфунун сапары аскердик жааттагы эки тараптуу мамиленин жогорку деңгээлин көрсөтөрүн айткан.
"Тараптардын ар кыл тармактарда, анын ичинен коргонуу технологиялары жана аскердик машыгуу жаатында өз ара пайдалуу активдүү кызматташуулары күтүлүп жатат", — деген ал.
Эске салсак, Кытай министринин кечээ башталган сапары россиялык Коргонуу министрлигинин билдирүүсүндө 18-апрелге, ал эки Кытай ведомствосунун кабарында 19-апрелге чейин болору айтылды.
Путин: Россия Кытай менен аскердик союз түзбөйт