Социалдык келишим. Өзгөндө 250 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды

Апрель айынын аягына чейин жалпысынан 535 сертификат берилмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Өзгөн районунун 535 аз камсыз болгон үй-бүлөсү "социалдык келишим" долбоорун ишке ашырууга катыша турганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматта өткөн жуманын соңунда аймактагы 250 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификат тапшырылганы айтылат.
Социалдык келишим ишкердик аркылуу элет жергесиндеги аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Долбоордун катышуучулары финансылык сабаттуулукка жана бизнес-долбоорлоого окутуудан өтүшөт.
Сертификат тапшыруу аземине вице-спикер Жамиля Исаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев, Данияр Төлөнов жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышкан.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова өлкө калкынын 65 пайызы элет жерине турарын, көбүнчө айыл чарбасында же социалдык сектордо иштешерин белгиледи.
"Өлкөбүздүн өнүгүшүнө, азык-түлүк коопсуздугун сактоого айылдыктар чоң салым кошуп келишет. Ошону менен бирге өз аймактарын жана бүтүндөй өлкөнү ар кандай товарлар жана кызматтар менен камсыз кылууда элеттик аялдардын ролу өтө чон. Элеттик аялдар экономикабыздын өнүгүшү үчүн канчалык зор потенциалды түзөрүн түшүнүп, Эмгек министрлиги аларга ар кандай жумушка орноштуруу жана кесиптик окутуу долбоорлору аркылуу туруктуу колдоо көрсөтүп келет. Социалдык келишим ишкердик аркылуу элет жергесиндеги аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Долбоордун катышуучулары финансылык сабаттуулукка жана бизнес-долбоорлоого окутуудан өтүшөт", — деди Полотова.
Ал бүгүнкү оор турмуштук кырдаалды жеңүүгө жардам берүү кийинки муундарынын өнүгүүсүнө салым экендигине токтолуп, өз жеринде иш ачуу эмгек миграциясын азайтарын белгилеген.
Ош шаарында 68 үй-бүлөгө жардам катары 100 миң сомдон берилди