Ош шаарында парктарды көрктөндүрүү күчөтүлүп, ландшафттык дизайны жакшырат

Жетекчи сейил бактар жана скверлерди көрктөндүрүүгө жаңыча мамиле боло тургандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасына барып, мекеменин инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Калаа башчысы, андан сырткары, ишкананын Тээке айылындагы питомнигин да көргөн.
Ишкананын жаңы дайындалган жетекчиси Абайнур Большевиков шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча быйылкы негизги пландары менен бөлүшүп, сейил бактар жана скверлерди көрктөндүрүүгө жаңыча мамиле боло тургандыгын айтты.
"Мэр ишкананын жаңы жетекчисине башка өлкөлөрдүн шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тажрыйбасын карап чыгуу керектигин айтты. Анын негизинде шаардагы Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аянтты жаңыдан оңдоп-түзөө боюнча долбоорду даярдоону, күнөсканалардын санын көбөйтүүнү, жашыл аймактарды жакшыртуу үчүн айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдаланууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча кошумча сунуш берүүнү, Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдык көрүү чараларын күчөтүүнү тапшырды.
Ош шаарында 68 үй-бүлөгө жардам катары 100 миң сомдон берилди