Мектеп директорлорун окутуу жакшы натыйжа бере баштады. Учурда Чүй, Талас облустары боюнча курстар өтүлүп, жаңы ыкмаларды дароо колдонуп, мектепти өнүктүрүү боюнча сунуштарын, долбоорлорун берип жатышат. Бул тууралуу Айнагүл Ниязова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, курстар менеджмент, мектепти өнүктүрүү усулдарына басым жасоодо.
"Билим берүү жана илим министринин демилгеси менен башталган мектеп директорлорун окутуу иши жакшы кадам болду. Буга чейин мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсу гана уюштурулуп келген. Эми мектеп директорлору жаңы ыкмаларды колдонуу менен педагогика, менеджментке көңүл буруп баштайт. Мектеп директорлорун окутуу жакшы натыйжа бере баштады. Учурда Чүй, Талас облустары боюнча курстар өтүлүп, жаңы ыкмаларды дароо колдонуп, мектепти өнүктүрүү сунуштарын, долбоорлорун берип жатышат. Жыйынтык жакшы болсо окутуу үзгүлтүксүз жүрүп турушу керек. Мындан тышкары, PISA (Programme for International Student Assessment) — окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына даярдоо боюнча жакшы курстар даярдалды", — деди Ниязова.
Ошондой эле адис мектеп директорлору окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча милдеттенмени алып, уюштуруу иштерине басым жасай турганын кошумчалады.