Кыргызстанда "Алтын тамга" сынагы 25-апрелде өтөт

10-11-класстар үчүн бардык окуу сабактары боюнча чейрек, жарым жылдык жана жылдык баалары "5" (эң жакшы) деген баадан төмөн эмес болгон талапкерге "Алтын тамга" тестин тапшыруу укугу берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүтүрүүчүлөр арасындагы "Алтын тамга" мамлекеттик аттестациясы 25-апрелде республиканын бардык аймагында бир убакта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
2022-2023-окуу жылына карата тестке 2023 талапкер каттоого алынган. Иш-чараны өткөрүүгө 19 пункт түзүлдү. Окуучулар математика, эне тили жана адабияты (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия боюнча тест тапшырышат.
Стандартташтырылган тест тɵмɵнкүдɵй түрдɵ берилет:
жабык түрүндɵгү тапшырмалар (бир туура жоопту тандап алуу менен);
ачык түрүндɵгү тапшырмалар;
туура ырааттуулугун аныктоого берилген тапшырмалар;
шайкештигин аныктоого берилген тапшырмалар.
"Алтын тамга" сынагынын максаты:
жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен документ алууга талапкерлердин билим деңгээлин баалоо;
Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жɵнүндɵ" мыйзамынын аткарылышына кɵзɵмɵл кылуу;
мектеп билим берүү системасын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын жетилтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Белгилей кетсек, 10-11-класстар үчүн бардык окуу сабактары боюнча чейрек, жарым жылдык жана жылдык баалары "5" (эң жакшы) деген баадан төмөн эмес болгон талапкерге "Алтын тамга" тестин тапшыруу укугу берилет.
Радио
Ниязова: мектеп директорлорун окутуу жакшы натыйжа берүүдө