Казакстан "Талибандын" дипломаттарын биринчилерден болуп аккредитациядан өткөрөт

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Казакстан ТИМинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Астана "Талибан"* кыймылынын өкүлдөрүнө аккредитация бере турганын брифингде билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
"Афганстандын жаңы администрациясынын дипломаттарын аккредитациядан өткөрүү сунушу кабыл алынды. Абалды түшүндүрө кетейин, 2021-жылдын августунда мурдагы режим кулагандан кийин өлкөдө бийликтин вакууму түзүлүп калды. Абал оор, бирок уникалдуу. Тарых барактары бийлиги алмашкан көптөгөн мамлекеттерди мисал кыла алат. Анын арты менен жаңы бийликти таануу маселеси сөзсүз жаралат", — деди Смадияров.
Ал Касым-Жомарт Токаевдин "Афганстанды азыркы оорчулуктары менен жалгыз калтырбаш керек" деген кебин эске салды.
"Президент гуманитардык жардамга көңүл бурууда. Мисалы, Афганстанда колдонулуп жаткан ундун 90 пайызы Казакстандан чыккан. Биз гүлдөгөн Афганстанды түзүүнү колдойбуз. Өлкө кезектеги тарыхый кыйынчылыкты баштан кечирүүдө. Афганстандын жаңы администрациясынын келиши аларды тааныды дегенге жатпайт, бул артыкчылык БУУнун ыйгарым укугунда", — деди ТИМ өкүлү.
* Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциялары салынган кыймыл
Душанбедеги РФ элчиси: талибдер бир дагы убадасын аткарган жок