Радио

Кадыр түн эмнеси менен маанилүү? Муфтияттын түшүндүрмөсү

Муфтияттын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Мырза кары Осмонов Кадыр түндү шаан-шөкөт, оюн-зоок менен өткөрүү жаңылыштык экенин белгиледи.
Sputnik
Ислам дининде кадыр түн кечеси адамдын кийинки жылга тагдыры жазылат деп айтылат. Бул тууралуу Мырза кары Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул күнү намаз окуп, көп-көп дуба кылуу, ата-энеден кечирим суроо жана зикир чалуу абдан маанилүү.
"Бул кечеден кур калбаш керек. Башкача айтканда, ар бир мусулман бул түндү тосконго аракет кылыш керек. Кадыр түндө Куран окуп, көп-көп дуба кылуу зарыл. Ооз ачкандан кийин эртең мененки убакка чейин уктабаш керек. Кадыр кечесинде периштелер жер бетине түшөт деп айтылган. Бул түнү көбүрөөк намаз окуган пайдалуу. Ислам дининде ушул кечте адамдын кийинки жылга тагдыры жазылат деп айтылат. Кийинки рамазанга ким жетет, ким ага чейин каза болуп калары ушул күнү белгилүү болот деп айтылат. Бүгүнкү күндө ата-энесинен кечирим сурабай, күн сайын жарынан же досторунан кечирим сурагандар көп. Кадыр түндө, негизи эле дайыма ата-энени жүзүнөн сүйүп, кечирим сураган өтө маанилүү. Ошондой эле Кадыр түндү шаан-шөкөт, оюн-зоок менен өткөрүү жаңылыштык", — деди Осмонов.
Ал бул кечеде зикир чалуу да абдан маанилүү экенин кошумчалады.