Кара-Сууда изделип жаткан эки жашар кыздын сөөгү каналдан табылды

Кырсык тууралуу кечээ кечинде маалымат түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районуна караган Шарк айыл аймагынын Падаван айылында изделип жаткан эки жашар кыздын сөөгү "Увам" каналынан табылганын ӨКМ билдирди.
Наристе сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат куткаруучуларга кечээ кечинде түшкөн. Издөө иштерине 23 куткаруучу тартылганы айтылды. Кыздын сөөгү саат 21.30да табылып, туугандарына берилген.
Токтогулда мугалимдер кырсыктап, бирөө каза тапты