Радио

Биймырза уулу: "Улуу мурас" жыйнагы угармандын табитин калыптандырууга керек

"Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Улуу мурас" хрестоматиялык жыйнагынын бет ачары өтөрүн айтты.
Sputnik
Кыргызстанда биринчи жолу өнөр адамдары жана маданий-музыкалык окуу жайлар үчүн даярдалган залкарлардын мурасын заманбап ыкмада жайылтуу иши колго алынды. Бул тууралуу Азиз Биймырза уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Улуу мурас" хрестоматиялык жыйнагы биринчи кезекте угармандардын табитин калыптандырганга керек.
"Жыйнакта Кыргызстанда алгачкы жолу маданият жана искусство жаатында, айтыш, жоктоо, терме, санат-насыят, казал жана көлөмдүү ашыктык, арман ырларынын атайын жаздырылган аудиоматериалдары текст, нота жана OR kod менен заманбап ыкмада камтылган. Жыйнак "Манас" театрынын дастанчыларынын демилгеси менен жазылып, "Кристенсен" фондунун демөөрчүлүгү жана "Дастанчы" коомдук фондунун жетекчилиги астында жарык көрдү. Долбоордун демилгечилери, идеянын авторлору "Дастанчы" коомдук фондунун негиздөөчүлөрү, КРдин эмгек сиӊирген артисттери Өмүрзак Кайыпов менен Самат Көчөрбаев. Бир катар баалуу чыгармаларга жан бүтүрүп, муздап турган денеге кан жүгүргөндөй кылып элдин астына алып чыгып беришти. Бул биринчи кезекте угармандардын табитин калыптандырганга керек. XXI кылымда той музыкаларын угуп жаткан кезде улуу чыгармаларга жаӊы түр-боёк кошуп, заман талабына ылайыкташтырып, аудио түрүндө Youtube платформасына жайгаштырып, ар бир жарандын телефону аркылуу жаӊыргыдай кылып даярдалды. Долбоорго "Манас" театрынын ар бир мүчөсү салым кошуп, жыйнак ичиндеги чыгармаларды студияда жаӊылап аткарып, жаздырышты. Ошондой эле чыгарманын оригинал вариантынан баштап түрдүү аткаруулар да камтылган. Мындан тышкары, алдыбызга бүгүнкү күндө нагыз айтуучуларды, эл шайырларын, алардын автордук чыгармаларын да таап, кошуу тапшырмасы коюлган эле. Кудайга шүгүр, уучубуз кур эмес экен, биздин колубузга бир нече материалдар түштү. Ушунусу менен хрестоматиялык жыйнак кунсуз, баасыз жана актуалдуу экенин далилдеп турат", — деди Биймырза уулу.
Ал иш-чара 18-апрель, шейшембиде, саат 16:00дө башталарын кошумчалады.