БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 118 чакырымында, тагыраагы, Боом капчыгайында таш кулатылып, автоунаа жана темир жолу жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.
Таш кулатуу иштери күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жүргүзүлүп, трасса 17-апрелден 21ине чейин тосулуп турат. Ал эми транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.