Бишкектин четинен террордук уюмдун тажикстандык мүчөсү кармалды

Колго түшкөн киши оор кылмыштар үчүн бир нече ирет соттолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чүй облусунда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу аймактык ИИББ билдирди.
Милиция кызматкерлери Лебединовка айылында чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн Кыргызстандын соту тарабынан жоопко тартылып, айып салынган тажикстандык 30 жаштагы киши жашап жатканын аныктаган.
"Коңшу мамлекеттеги кесиптештер бул киши мекенинде оор кылмыштары үчүн бир нече ирет соттолгонун, эл аралык террордук уюмга мүчө болгондуктан изделип жатканын билдиришкен", — деп айтылат маалыматта.
КР сотунун чечимин аткарбаганы үчүн анын айып салуу өкүмү камакка алууга өзгөртүлдү.
Ошто эки адам экстремисттик жана террордук уюмдардан баш тартты