Бишкек — Ош жолу бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды

Аймакка кар жаап, катуу шамал болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 81-чакырымы ("Сосновка" посту) эки тарабынан тең автоунаанын бардык түрү үчүн убактылуу жабылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Ушу тапта аталган аймакка кар жаап, катуу шамал болуп жатат.
Маалыматта жолчулар трассаны кардан тазалап, кум-туз аралашмасын сээп жатканы айтылат.
Боомдо таш кулатылып, жол 5 күн бою маал-маалы менен жабылат