Радио

Реформанын алкагында Нарында муниципалдык ишканаларды түзүү каралууда

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Өмүрзаков административдик-аймактык реформанын жүрүшү тууралуу айтып берди.
Sputnik
Административдик-аймактык реформанын алкагында Нарын облусунда муниципалдык ишканаларды түзүү каралууда. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы 452 айыл аймактын 67си бир гана айылдан турат.
"Түптө 13 айыл өкмөт бешөөнө бириктирилип, калганын жоюу, мүлкүн өткөрүп берүү, бюджеттерин бириктирүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул иштерди 2024-жылдын этегине чейин жыйынтыктоо пландалган. Административдик-аймактык реформаны өзгөчө статуста болгон Баткенден башка облустарда бирден райондо жүргүзүү мерчемделген. Алар Жалал-Абадда Сузак району, Ошто Ноокат району, Чүй облусунда Чүй району, Ысык-Көлдө Түп району, Таласта Кара-Бура району. Ал эми Нарын облусунда болсо толугу менен беш райондо реформа жүргүзүлөт. Анын алкагында Нарындагы айылдарда жайыт, сугат, таза суу, тазалык, көрктөндүрүү ж.б. маселелер боюнча бир же бир нече муниципалдык ишкана түзүү каралган. Алар калкты тейлөөгө багытталып, коммерциялык болуп саналбайт. Жалпысынан ар бир аймакта башка моделдер колдонулуп, кайсынысы натыйжалуу болсо ошону республикага жайылтуу каралат. Административдик-аймактык реформа эмнеге керек? Кыргызстандагы 452 айыл аймактын 67си бир гана айылдан турат. Алардын арасында 700-3000 калкы барлары кездешет. Ошолорду ирилештирип, ресурсун (жер, жайыт, суу, акча) көбөйтүү менен өз алдынчалуулукка жеткирүү максаты коюлган", — деди Өмүрзаков.
Ошондой эле Нарында киреше салыктын 50 пайызы райондук өнүктүрүү фонддоруна чегерилерин кошумчалады.