Жалал-Абад облусунда жаан качан токтойт? Бир аптага карата аба ырайы

Облустун аймагында 19-апрелден тарта күн ачылат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Жалал-Абад облусунда аба ырайы кандай болору туурасында маалымат берди.
Синоптиктер Жалал-Абадда 17-18-апрель күндөрү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн билдирди. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ушундай эле аба ырайы 19-апрелде түнкүсүн да уланмакчы.
Ал эми 19-апрелде жаан басылып, 23-апрелге дейре күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-апрелде күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Жаанчыл болот. Ош облусу боюнча бир жумага карата аба ырайы