Сүйлөп жаткан Япония премьер-министринин жардыруудан аман калган видеосу

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркаган киши болгон жок.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Япониянын премьер-министри Фумио Кисиданын аман калган видеосу тарап жатат.
Кадрлардан коопсуздук кызматынын өкүлү тездик менен бомбаны ары көздөй ыргытып, өкмөт башчысын четке түртүп чыгарганы көрүнүп турат.
Окуя Вакаяма шаарында Кисида эл алдында сүйлөп жаткан маалда болгон. Премьердин жанында жардыруу болуп, айлананы түтүн чулгаган. Жардыруучу түзүлүштү ыргыткан кишинин кармалганы айтылды.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркаган киши болгон эмес. Кисида жолугушууну токтотуп, Вакаяма префектурасынын полиция башкармалыгына барган. Бирок кийинчерээк ишемби күнү үч иш-чара өткөрө турганы белгилүү болду. Полиция башкармалыгынан чыгып Кисида темир жол станциясына эл менен жолугушуу үчүн келген.
Эскерте кетсек, былтыр жайында куралдуу кол салуудан улам өлкөнүн мурунку премьер-министри Синдзо Абэ көз жумган.
Япониянын премьер-министри сүйлөп жаткан жерде жардыруу болду. Видео