БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Таластын Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл аймагындагы парк 12 миллион сомго оңдолуп-түзөлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Президенттин администрациясынын өкүлү Сабыркул Ашимбаев менен облус башчысы Нурлан Дарданов парктын реконструкция иштери менен таанышкан.
"Долбоордун жалпы суммасы 12 миллион 306 миң 688 сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Реконструкциянын алкагында паркка ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп, сугат системалары алмаштырылып, аттракциондор жана балдар ойноочу аянттар жаңыланат", — деп жазылган маалыматта.
Ак-Дөбө паркы 1974-жылы негизделген. Аны оңдоп-түзөө иштерин аяктоо 2026-жылдын декабрь айына белгиленди.