Садыр Жапаров кыргызстандык православдарды Пасха майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы Кыргызстан бир катар конфессиянын өкүлдөрү жашаган өлкө болуп саналарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандык православдарды бүгүн, 16-апрелде, белгиленип жаткан Пасха майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы ыйык Пасханын кубанычы адамдардын жүрөгүн жылытып, ишенимин ойготуп, жакшы иштерди жасоого дем берерин белгилеген.
"Пасха — адеп-ахлактык жактан өтө чоң мааниге ээ бардык православ христиандарынын кубанычтуу майрамы. Ал жаңылануунун, тазалануунун, жакындарды сүйүүнүн, боорукерликтин жана кечиримдүүлүктүн символу. Кыргызстан көп конфессиялык өлкө болуп саналат. Анда түрдүү диндердин жана конфессиялардын өкүлдөрү өз ара түшүнүшүү атмосферасында жашайт, ар бир диндин өз орду бар", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал мамлекет ар дайым конфессиялар ортосундагы ынтымакты жана тынчтыкты бекемдөөгө бардык күчүн жумшай турганын билдирди.
Май айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат