Ош шаарында 68 үй-бүлөгө жардам катары 100 миң сомдон берилди

Үй-бүлөлөргө каражат мамлекеттен чакан бизнес ачуу үчүн кайтарымсыз түрдө берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ош шаарында аз камсыз болгон 68 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу шаардык муниципалитет кабарлады.
1 / 3

Ош шаарында аз камсыз болгон 68 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

2 / 3

Иш-чарага мэриянын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле социалдык келишим түзүүгө укук алган үй-бүлөлөр катышты

3 / 3

Аларга каражат мамлекеттен чакан бизнес ачуу үчүн кайтарымсыз түрдө берилген.

Иш-чарага мэриянын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле социалдык келишим түзүүгө укук алган үй-бүлөлөр катышты. Аларга каражат мамлекеттен чакан бизнес ачуу үчүн кайтарымсыз түрдө берилген.
Эскерте кетсек, Ош шаары боюнча "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучуларды колдоо максатында түзүлгөн социалдык келишимди ишке ашырууда министрлик тарабынан 60 квота бекитилген. Анын негизинде калаадан 105 үй-бүлө арыз берген.
Баткенде 243 үй-бүлөгө социалдык жардам катары 100 миң сомдон тапшырылды