Быйыл Нарын шаарынын 44 көчөсүнө асфальт төшөлөт

Жол куруу иштери министрдин жеке көзөмөлүндө экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Быйыл Нарын шаарынын 44 көчөсү асфальттала турганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматта план боюнча бардык көчөлөр быйылкы жол сезонунда бүткөрүлөрү айтылган.
"Нарында жүргөн транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев президенттин тапшырмасын мөөнөтүндө аткаруу үчүн курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды. Процесс министрдин жеке көзөмөлүндө", — деп жазылган кабарда.
Быйыл Нарын облусу боюнча 106 чакырым жолду асфальттоо каралган.
Транспорт министрлиги эми жол белгилерин өзү чыгара баштайт