БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада Кыргызстанда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, Бишкекте эртеңден баштап күн сууктап, 16-17-18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 19-22-апрелде күн ачык болот.
Чүй облусу
16-17-18-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-апрелде күндүз жана 20-22-апрелде күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-апрелде жана 17-апрелде күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Талас облусу
16-17-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз айрым жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.
18-апрелде күндүз жана 19-22-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Синоптиктер Ош облусунда 16-17-18-апрель күндөрү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн билдирди. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ушундай эле аба ырайы 19-апрелде түнкүсүн да уланмакчы.
Ал эми 19-апрелде күндүз жана 20-22-апрелде күндүн көзү ачылып, жаан-чачын күтүлбөйт.
Ысык-Көл жана Нарын аймактары
Бул облуста дагы аптанын башында көпчүлүк аймактарда катуу жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 20-22-апрелде күн ачык болот.