Радио

"Эл агартуу" журналынын нускасын кеминде 3 000ге жеткирүү пландалууда

"Эл агартуу" илимий-педагогикалык жана методикалык журналынын башкы редактору Чолпон Кийизбаева "Эл агартуу" журналы убагында 25 миң нуска менен чыгып турганын айтты.
Sputnik
"Эл агартуу" журналынын нускасын кеминде 3 миңге жеткирүү пландалып жатат. Өлкөдө 3 миңден ашык мектептин ар биринен журналга бирден мугалим жазылса да жыйынтык жакшы болмок. Бул тууралуу Чолпон Кийизбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда илимий-педагогикалык журнал 200-300дүн тегерегинде гана жарык көрүүдө.

"Эл агартуу" илимий-методикалык журналынын алгачкы саны 1928-жылдын 5-майында "Жаңы маданият жолунда" деген аталыш менен жарык көргөн. Аны кыргыздын биринчи билим берүү комиссары Касым Тыныстанов баштаган Токчоро Жолдошев, Ишеналы Арабаев, Осмонкул Алиев, Төрөкул Айтматов сыяктуу кыргыздын алгачкы интеллигенттери өз чөнтөктөрүнөн чогулткан каражатка чыгарышкан. Бул кыргыз тилинде жарык көргөн туңгуч журнал болуп саналат. Басылма 1978-жылы СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен Ардак белгиси орденине татыган. Ал учурда окурмандардын саны көп болуп, 25 миң нуска менен чыгып турган. Ал эми бүгүнкү күндө журнал 200-300дүн тегерегинде гана жарыяланып калган. Мектептер менен тыгыз байланышта болуп, окутуунун методикасы, илимий жолдору, ыкмаларын көрсөткөн макалалар кескин азайып кеткен. Министр Каныбек Иманалиев журналдын ишин жандандырып, окурмандарга пайдалуу макалаларды чыгаруу тапшырмасын берди. Кыргызстанда 3 миңден ашык мектеп бар. Ошолордун ар биринен журналга бирден жазылса да нускасы 3 миңге жетип калат. Алдыдагы ушул ишти аткарабыз деп турабыз", — деди Кийизбаева.

Ошондой эле адис журналга илимий макалаларды жазган авторлордун саны азайып кеткендигин кошумчалады.