БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында беш кабаттуу имараттан өрт чыгып 16 адам каза болуп, тогузу жаракат алды. Бул туурасында Khaleej Times гезити калаанын жарандык коргонуу кызматына таянуу менен билдирди.
Өрт ишемби күнү эски базарда жайгашкан Аль-Рас районунда чыккан. Жергиликтүү тургундар 4-кабаттагы бузулуп калган кондиционерден от тутанганын болжошкон.
"Алгач кондиционер күйүп жатканын көргөнбүз, бир нече көз ирмемден кийин эле жарылуу болду. Конденсатору жарылды окшойт. Анан жалын жайылып, түтүн чулгады", — деп айткан күбөлөрдүн бири.
Дагы башка күбөлөрдүн айтымында, биринчи, экинчи жана үчүнчү кабатта жашагандар тепкич аркылуу же балконго жип байлап түшүшкөн.
Жарандык коргонуу кызматы тилсиз жоо имараттын коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан чыкканын билдирген. Иликтөө жүрүп жатат.