Бишкектин батыш тарабында үч күнгө газ өчүрүлөт

"Газпром Кыргызстан" абоненттеринен келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабында үч күнгө (17-19-апрелде) жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматта басымы аз болуп жаткан газ түтүктөрүнө пландык оңдоо иштери жүргүзүлөрү белгиленген. Мындан улам Дэн Сяопин проспекти, Волков, Патрис Лумумба жана Владимиров көчөлөрүнүн чектешкен аймактарына көгүлтүр өт берүү үзгүлтүккө учурайт.
"Газпром Кыргызстан" абоненттеринен келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, энергиянын башка булактарын убактылуу колдонуп турууну өтүндү.
Күн сууктап, катуу жаан жаайт. Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы