Бишкектеги чиркөөдө Пасха кандай өттү. Майрамдан 12 сүрөт

16-апрелге караган түнү Бишкектеги Ыйык Жекшемби кафедралык чиркөөсүндө Пасха майрамы белгиленди.
Sputnik
Жыл сайын Пасха майрамынын так күнү Ай, Күн календарына карап коюлат. Быйыл ал 16-апрелге туш келди, былтыр 24-апрелде белгиленген.
Пасха же Христостун келиши — христиандардын чоң майрамы жана ага терең маани берилет. Христиан дининде Иисус Христостун тирилген күнү катары саналат. Майрамдын башкы символу — боелгон жумурткалар, кулич жана пасха (быштак жана мейиз кошулган таттуу токоч).
Бүгүн президент Садыр Жапаров кыргызстандык православдарды майрамы менен куттуктады.
1 / 12

Пасхага карата кудайга сыйынуу салт боюнча түндө өткөрүлөт

2 / 12

Православдар Бишкектеги Ыйык Жекшемби кафедралык чиркөөсүнө келишти

3 / 12

Быйыл пасханын жумурткаларынан "ХВ" ("Христос Воскрес") деген инсталляцияны көрүүгө болот

4 / 12

Бул христиандардын эң ыйык майрамы, анда Иисус Христостун кайтып келген күнү белгиленет

5 / 12

Бул күнү дин тутунгандар бири-бирине "Христос Воскрес!" — "Воистину Воскрес!" (Христос тирүү, Кайра келиши ырас) деген сөздөр менен салам беришет

6 / 12

Майрамдын башкы символу — боелгон жумурткалар, кулич жана пасха (быштак жана мейиз кошулган таттуу токоч)

7 / 12

Жыл сайын Пасха майрамынын так күнү Ай, Күн календарына карап коюлат. Былтыр 24-апрелде белгиленген.

8 / 12

Пасха майрамынын өзгөчө мааниси, салттары жана ырым-жырымы бар. Анын алдында тамак-аштын кээ бир түрлөрүн жегенден карманышат.

9 / 12

Бул күнү Ыйык посттон кийин ооз ачууга мүмкүн

10 / 12

Майрамда туугандарына жана досторуна барып ал-жайын сурап, белектерди берип, эски таарынычтарды кечирүү калыптанган

11 / 12

Ыйык Пасханын кубанычы адамдардын жүрөгүн жылытып, ишенимин ойготуп, жакшы иштерди жасоого дем берет

12 / 12

Бул майрамдын белгилениши өлкөдөгү жарандардын улут жана конфессия аралык ынтымактуу коомдо жашап жаткандыгынын күбөсү болуп келет

Тема боюнча:
Садыр Жапаров кыргызстандык православдарды Пасха майрамы менен куттуктады