Япониянын премьер-министри сүйлөп жаткан жерде жардыруу болду. Видео

Күбөлөрдүн айтымында, белгисиз бирөө премьер-министр тарапка цилиндр түрүндөгү кара нерсени ыргытып жиберген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Япониянын премьер-министри Фумио Кисида эл алдында сүйлөп жаткан жерде жардыруу угулуп, өкмөт башчысы эвакуацияланганын NHK телеканалы билдирди.
"Эртең мененки саат 11:30да (Бишкек убактысы боюнча 8:30) премьер-министр Фумио Кисида Вакаяма шаарындагы Сайгасаки балык уулоо портун текшерип бүтүп, эл алдында сүйлөй турган болчу. Бирок анын алдында катуу жарылуу угулду", — деп айтылат маалыматта.
Бактыга жараша аткаминер жабыркаган эмес. Ал пландаштырылган иш-чараны токтотуп, Вакаяма шаардык полициясынын башкы кеңсесине эвакуацияланган. Кисида эл алдына кийинчерээк чыгуу үчүн жергиликтүү темир жол станциясына келген.
Күбөлөрдүн айтымында, премьер-министр эл алдына чыгаарда бир киши ал тарапка цилиндр түрүндөгү кара нерсени ыргытып жиберген. Полиция аны дароо кармап, бир нече секунддан кийин жарылуунун үнү угулган.
Алдын ала маалымат боюнча, окуяда эч ким жабыркаган эмес.
Өткөн жылы Япониянын мурунку премьер-министри Синдзо Абэге да кол салуу болуп, тилекке каршы, ал көз жумган.
Сүйлөп жаткан Синдзо Абэни аткан учурдун видеосу тарады