Токтогулда мугалимдер кырсыктап, бирөө каза тапты

Эки мугалимдин абалы оор.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. – Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда мугалимдер бараткан маршрутка жол кырсыгына кабылып, 44 жаштагы мугалим Сүйүнбү Момунбаева каза тапты. Маалыматты Токтогул райондук администрация тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя аталган райондун Бел-Алды айыл аймагында болгон. 14-апрель күнү жети мектептин мугалимдеринин арасында "Жыл мугалими" сынагынын аймактар аралык туру өткөн.

"Кубат Чокоев атындагы орто мектептин мугалимдери сынактан кайтып келе жатканда жолго мал чыга калган. Кичи автобустун айдоочусу аны коюп кетпейин деп рулду буруп жибергенде транспорт оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир мугалим каза болсо, төрт мугалим жана айдоочу райондук ооруканага жеткирилген", - деди администрациядан.

Ал эми Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, эки мугалимдин абалы оор. Ведомство маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Шымкентте айдоочусуз автобус жөө адамдарды тебелеп кетти. Үрөй учурган видео