Оштогу Даңги суусунун жээгинен орто кылымга таандык кумура табылды. Видео

Уникалдуу идишти малчы көрүп калган. Табылган кумура “Сулайман-Тоо” музей комплексине алып келинмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кара-Суу районунун Өзгүр айылынын Даңги суусунун жээгинен орто кылымга таандык кумура табылды. Бул тууралуу Сулайман-Тоо музей комплекси кабарлады.
Уникалдуу идишти бир жума мурун жергиликтүү тургун Медербек Аккулов мал айдап жүргөн учурда таап алган. Жааган жамгырдан улам жер бир аз сүрүлүп, кумура көрүнүп калган.
Жерине аталган музейдин өкүлдөрү, тарыхчы-этнографтар барышкан. Дан салына турчу кумуранын бийиктиги 1,20-1,30, диаметри 80-85 сантиметрди түзөт. Айланасынан да кумуранын калдыктары чыккандыктан ал жер устакана болушу мүмкүн деп болжолдонууда.
Табылган кумура "Сулайман-Тоо" музей комплексине алып келинмекчи.
Радио
Кыргызчалана турган Кытайдагы архивдик документтер 10 миң беттен турат