Макрон пенсия реформасы боюнча мыйзамга кол койду

Француз профсоюздары бул реформаны колдобой тургандыгын билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон пенсиялык реформа боюнча мыйзамга кол койду. Аталган документ расмий журналда жарыяланганын РИА Новости Agence France-Presse басылмасына шилтеме берип жазды.
"Франциянын президенти Эммануэль Макрон пенсиялык реформа боюнча мыйзамды, анын ичинде мыйзамда белгиленген пенсия курагын 64кө жылдырууну расмий түрдө жарыялады", — деп айтылат маалыматта.
Март айында Франциянын премьер-министри Элизабет Борн конституциянын 49.3-беренесин колдонуп, пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун парламентте добушсуз эле кабыл алган. Бул демилге көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, өлкө боюнча миллиондон ашык адам митингге чыккан. Анда демонстранттар менен полиция кагылышып, тополоң болгон.
Кечээ Франциянын Конституциялык кеңеши 2030-жылга чейин пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Мамлекет башчысы жаңы мыйзамды 48 сааттын ичинде жарыялашы керек болчу. Эми реформаны ишке ашыруу 1-сентябрдан тарта башталат.
Конституциялык кеңештин чечими жарыялангандан кийин француз профсоюздары 1-майга чейин пенсия реформасы боюнча өкмөт менен жолугушууга макул эместигин билдирип, ошол күнү "өзгөчө жана элдик" нааразылык акциясын өткөрүүгө чакырышты.
Францияда нааразычылык акцияларына карабастан пенсиянын курагы узартылды. Видео