Кытай быйыл Чүй облусунда айланма канал кура баштайт

Жаңы канал Чүй облусундагы суу тартыштыгы боюнча маселени чечери айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кытай тарап 2023-жылы айланып өтүүчү Чүй каналынын курулушун баштоону көздөп жатканын Кытай элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юэ Кыргызстандын экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов менен болгон жолугушууда билдирди.
Тараптар эки жактуу техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, ирригация, транспорт инфраструктурасын куруу, медициналык жабдууларды жеткирүү чөйрөсү тууралуу сөз болду.
Кытай тарап кароого берилген долбоорлорду үч этапка бөлгөндүгүн Кытай элчилигинин кеңешчиси билдирди.
"Алар "Айланып өтүүчү Чүй каналын куруу", "Заманбап медициналык жабдууларды жеткирүү жана орнотуу", ошондой эле "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)" долбоорлору. Министрдин орун басары айланып өтүүчү Чүй каналынын курулушунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Чүй өрөөнүндөгү сугат суунун жетишсиздиги менен суунун коромжу болушун жылына 400 миллион кубометрге чейин кыскартып, жерди суу менен камсыз кылууну жогорулатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Кытайдан жакын арада Кыргызстан үчүн мобилдүү оорукананын эки комплекти алып келиниши күтүлүүдө.
Кыргыз-кытай кызматташтыгына тоскоол болгон чектөөлөрдү алып салуу талкууланды