Казакстанга кыштагыдай кар түштү. Видео

Казакстандын ӨКМи жашоочуларды катаал аба ырайында зарыл иштери болбосо сыртка чыкпай турууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Астанага 15-апрелде кар түшкөнүн Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Синоптиктердин маалыматында, мындай аба ырайы дүйшөмбүгө чейин болот.
Казакстандын ӨКМи жашоочуларды катаал аба ырайында зарыл иштери болбосо сыртка чыкпай турууга чакырды. Буга байланыштуу транспорттун айрым түрлөрү дагы убактылуу каттабайт.
Учурда жумушчулар атайын техникалар менен көчөдөгү карды тазалап жатат.
Кечээ Казакстандын бардык аймактарына карата шашылыш билдирүү таратылган.
Кар алдында калган кактустар: Аризонанын чөлдөрүнө кар түштү. Видео