Бишкекте уздар чогулду. "Сайма – 2023" фестивалынан сүрөттөр

Бишкекте "Сайма – 2023" кароо-сынак фестивалы өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан сайма сайганды билген каалоочулар катыша алды.
Sputnik
Иш-чара кандай өткөнүн Sputnik даярдаган сүрөт түрмөктөн көрүңүз. Кароо-сынак эки багытта өттү: "Сайма чемпионаты – 2023" жана "Мыкты белдемчи".
Фестивалды "Кийиз дүйнө" коомдук фонду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрдү.
1 / 14

Ишемби күнү борбор калаада "Сайма – 2023" кароо-сынак фестивалы өткөрүлдү

2 / 14

Иш-чара Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде болду

3 / 14

Ага өлкөнүн бардык аймактарынан сайма сайганды билген каалоочулар катыша алды

4 / 14

Фестивалга келген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов

5 / 14

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты — сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу, сактоо, жайылтуу, салттуу маданиятты, кол өнөрчүлүктү даңазалоо

6 / 14

Ошондой эле кыргыз саймаларынын баалуулугун көргөзүп, ал өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана сайманын бир нече түрүн кеңири жайылтуу

7 / 14

Кароо-сынак эки багытта өттү: "Сайма чемпионаты – 2023" жана "Мыкты белдемчи"

8 / 14

Уюштуруу комитети тарабынан ар бир багытка, ар бир топко өз-өзүнчө шарттар, талаптар коюлуп, баалоо критерийлери эки башка деңгээлде каралган

9 / 14

Фестивалга дилгирлик менен катышып жаткан окуучу бала

10 / 14

Иш-чара саймачылардын мастер-класстары менен коштолду

11 / 14

Бул жылы маданий саамалыктын форматы кеңейген

12 / 14

Фестивалда "Шедевр белдемчи" аукциону, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү да болду

13 / 14

Өнөр ээлерине коноктор көз салып турду

14 / 14

Улуттук колориттеги кийим-кечектер келгендердин көз жоосун алды