Бишкектин Ленин округунан шайлоого барчу талапкерлердин тизмеси

Талапкерлерди каттоо 27-апрелде аяктайт. Ал эми шайлоо 28-майда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка барууга 17 киши арызын берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Талапкерлерди каттоо 27-апрелде аяктайт. Ал эми мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.
Талапкерлердин тизмеси:
1.
Эркин Бөлөкбаев;
2.
Максат Кунакунов;
3.
Марат Арзыкулов;
4.
Актилек Нурланбеков;
5.
Мирлан Камбаров;
6.
Бекзат Иманкулов;
7.
Азат Абдылдаев;
8.
Улукбек Калыков;
9.
Карачач Исмаилова;
10.
Нурлан Сакиев;
11.
Данияр Тербишалиев;
12.
Эртай Искаков;
13.
Ажыбек Касмалиев;
14.
Роман Мокейчук;
15.
Аким Маликов;
16.
Өмүрбек Суваналиев;
17.
Турсунбай Бакир уулу.
Эскерте кетсек, 12-март күнү депутат Жаныбек Абиров ГБРдин кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу Улуттук госпиталга баш сөөгү жабыркап түшкөн. Окуяга президент Садыр Жапаров көңүл буруп, депутат соцтармак аркылуу элден кечирим сураган.
Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитет парламентке иштин жагдайын иликтеп чыга турган комиссия түзүүнү сунуштаган. Натыйжада депутаттардын териштирүүчү тобу түзүлгөн.
Кийин Абиров депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. БШК жыйын куруп мандатынан ажыраткан.
Депутаттыкка койсо да болобу? Опумбаев менен Жунушалиевге иш козголгон эмес