Бишкекте баңгизат саткан интернет-дүкөндүн башчысы кармалды. Видео

Шектүүдөн гашиш жана марихуана, ошондой эле телефонунан "иш кылган" аккаунту табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкекте баңгизаттарын мессенжер аркылуу сатып жүргөн 27 жаштагы Х.О. аттуу бала кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Шектүү интернет-дүкөнүн негиздеп алган. Аны кармоодо шымынын чөнтөгүнөн 7,5 грамм гашиш жана телефонунан "иш кылган" аккаунту табылган. Ошондой эле жашаган үйүнөн 105 грамм марихуана алынган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максаты жок мыйзамсыз даярдоо") менен иш козголду.
Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынды.
УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын кабарлоого чакырат