АКШнын мурдагы чалгынчысы: ачыкталган документтер боюнча Ак үйдөн күмөнүм бар

Кылмышка шектүү 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Украинадагы аскерлердин абалы жана аларды күчтөндүрүүнү көздөгөн Вашингтон менен НАТОнун пландары жазылган документтерди ачыкка чыгарган деп айыпталган Аба күчтөрүнүн катардагы жоокери Жек Тейшейра мындай жашыруун маалыматтарга кире албайт болчу. Бул тууралуу АКШнын мурдагы чалгын кызматкери Тони Шаффер Judging Freedom каналындагы маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, бул окуя боюнча Вашингтондун расмий билдирүүсү шек санатат.
"Мындай болушу мүмкүн эмес. Өтө жашыруун SCI документтерине уруксат алуу үчүн көп жылдар талап кылынат, бул жигит TS/SCI алууга жетиштүү мөөнөт иштеген эмес. Мен 20 жашымда лейтенант болуп, маалыматка уруксат алуу үчүн атайын курстардан өткөм. Ошондо дагы жөнөкөй жашыруун маалыматтарга гана уруксат берилген. Анда террористтерди куугунтуктаган кызматкер болчумун. Ошондуктан мен бул жигиттин өтө жашыруун маалыматка уруксаты бар экенинде күмөнүм бар", — деген Шаффер.
Ал Тейшейрада "гамма деңгээлиндеги" документтерге толук уруксаты бар экенин кошумчалаган.
Жек Тейшейрага "Улуттук коргонуу маалыматына уруксатсыз ээлик кылуу жана берүү", "Жашыруун документтерди же материалдарды уруксатсыз тартып алуу жана сактоо" беренелери боюнча айып тагылды. Ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кылмышка шектүү 19-апрелге белгиленген соттук отурумга чейин камакта болот.
Экс-чалгынчы АКШ документтеринин ачыкталышы Россияга пайдалуу болорун айтты