Ысык-Көлдө бейтаптын сөөгү даракка эки ай асылып турган. Иш козголду

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору окуя 10-апрелде болгонун кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде 6-февралда дайынсыз жоголгон бейтаптын сөөгү эки айдан кийин табылды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору кабарлады.
Бейтаптын сөөгү мекеменин аймагындагы арчада асылып турган жеринен табылган. Алдын ала маалымат боюнча, ал даракта эки айдан ашык асылып турган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.
Шайтан кирдиби? Бишкекте айдоочу башка айдоочуга бычак шилтеген видео