Кыргызстандык Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпиону болду. Видео

Кыргызстандык балбан финал алдында япониялык жана ирандык спортчулар менен күрөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандык Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болду.
Ал 61 килограмм салмакка чейинки категорияда беттешти.
Жумашбек уулу чейрек финалда япониялык каршылашын 4:1, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсеби менен жеңген. Ал эми финалда кытайлык атлетти 4:2 менен утуп, алтын медаль тагынды.
Азия чемпионаты Астанада өтүп жатат.
Эркин күрөш боюнча балбандар Азия чемпионатынан 3 медаль утту