Бишкекте кыргызстандык режиссёр койгон Свердловск театрынын спектакли көрсөтүлөт

Уланбек Баялиев бир катар телесериалдардын автору катары да белгилүү.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте Свердловск академиялык драма театрынын спектакли тартуулана турганын уюштуруучулар билдирди.
Театрдын гастролу КМШ мамлекеттериндеги Жаш көрүүчүлөр театрларынын эл аралык фестивалынын алкагында өтмөкчү. Россиялык артисттер Максим Горькийдин "Железнова Васса. Мать" пьесасынын негизинде коюлган спектаклди көрсөтүшөт.
"Койгон режиссёр — ГИТИСти аяктаган мекендешибиз Уланбек Баялиев. Буга чейин бир катар сыйлыктарга татыган. "Тридцатилетние", "Сердцеедки", "Карамель" жана башка бир катар телесериалдардын режиссёру катары да таанымал", — дешти уюштуруучулар.
Спектаклде башкы каармандардын ролун РФ Эмгек сиңирген артисттери Ирина Ермолова (Васса Железнова) жана Борис Горнштейн (Пророх Железнов) аткарган.
Спектакль 18-апрелде Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрынын сахнасында коюлат.
"Курманбек" операсынын багын ачкан жылдыздар. Таберик сүрөт